- Любовные романы
- Фантастика и фэнтези
- Ненаучная фантастика
- Ироническое фэнтези
- Научная Фантастика
- Фэнтези
- Ужасы и Мистика
- Боевая фантастика
- Альтернативная история
- Космическая фантастика
- Попаданцы
- Юмористическая фантастика
- Героическая фантастика
- Детективная фантастика
- Социально-психологическая
- Боевое фэнтези
- Русское фэнтези
- Киберпанк
- Романтическая фантастика
- Городская фантастика
- Технофэнтези
- Мистика
- Разная фантастика
- Иностранное фэнтези
- Историческое фэнтези
- LitRPG
- Эпическая фантастика
- Зарубежная фантастика
- Городское фентези
- Космоопера
- Разное фэнтези
- Книги магов
- Любовное фэнтези
- Постапокалипсис
- Бизнес
- Историческая фантастика
- Социально-философская фантастика
- Сказочная фантастика
- Стимпанк
- Романтическое фэнтези
- Ироническая фантастика
- Детективы и Триллеры
- Проза
- Юмор
- Феерия
- Новелла
- Русская классическая проза
- Современная проза
- Повести
- Контркультура
- Русская современная проза
- Историческая проза
- Проза
- Классическая проза
- Советская классическая проза
- О войне
- Зарубежная современная проза
- Рассказы
- Зарубежная классика
- Очерки
- Антисоветская литература
- Магический реализм
- Разное
- Сентиментальная проза
- Афоризмы
- Эссе
- Эпистолярная проза
- Семейный роман/Семейная сага
- Поэзия, Драматургия
- Приключения
- Детская литература
- Загадки
- Книга-игра
- Детская проза
- Детские приключения
- Сказка
- Прочая детская литература
- Детская фантастика
- Детские стихи
- Детская образовательная литература
- Детские остросюжетные
- Учебная литература
- Зарубежные детские книги
- Детский фольклор
- Буквари
- Книги для подростков
- Школьные учебники
- Внеклассное чтение
- Книги для дошкольников
- Детская познавательная и развивающая литература
- Детские детективы
- Домоводство, Дом и семья
- Юмор
- Документальные книги
- Бизнес
- Работа с клиентами
- Тайм-менеджмент
- Кадровый менеджмент
- Экономика
- Менеджмент и кадры
- Управление, подбор персонала
- О бизнесе популярно
- Интернет-бизнес
- Личные финансы
- Делопроизводство, офис
- Маркетинг, PR, реклама
- Поиск работы
- Бизнес
- Банковское дело
- Малый бизнес
- Ценные бумаги и инвестиции
- Краткое содержание
- Бухучет и аудит
- Ораторское искусство / риторика
- Корпоративная культура, бизнес
- Финансы
- Государственное и муниципальное управление
- Менеджмент
- Зарубежная деловая литература
- Продажи
- Переговоры
- Личная эффективность
- Торговля
- Научные и научно-популярные книги
- Биофизика
- География
- Экология
- Биохимия
- Рефераты
- Культурология
- Техническая литература
- История
- Психология
- Медицина
- Прочая научная литература
- Юриспруденция
- Биология
- Политика
- Литературоведение
- Религиоведение
- Научпоп
- Психология, личное
- Математика
- Психотерапия
- Социология
- Воспитание детей, педагогика
- Языкознание
- Беременность, ожидание детей
- Транспорт, военная техника
- Детская психология
- Науки: разное
- Педагогика
- Зарубежная психология
- Иностранные языки
- Филология
- Радиотехника
- Деловая литература
- Физика
- Альтернативная медицина
- Химия
- Государство и право
- Обществознание
- Образовательная литература
- Учебники
- Зоология
- Архитектура
- Науки о космосе
- Ботаника
- Астрология
- Ветеринария
- История Европы
- География
- Зарубежная публицистика
- О животных
- Шпаргалки
- Разная литература
- Зарубежная литература о культуре и искусстве
- Пословицы, поговорки
- Боевые искусства
- Прочее
- Периодические издания
- Фанфик
- Военное
- Цитаты из афоризмов
- Гиды, путеводители
- Литература 19 века
- Зарубежная образовательная литература
- Военная история
- Кино
- Современная литература
- Военная техника, оружие
- Культура и искусство
- Музыка, музыканты
- Газеты и журналы
- Современная зарубежная литература
- Визуальные искусства
- Отраслевые издания
- Шахматы
- Недвижимость
- Великолепные истории
- Музыка, танцы
- Авто и ПДД
- Изобразительное искусство, фотография
- Истории из жизни
- Готические новеллы
- Начинающие авторы
- Спецслужбы
- Подростковая литература
- Зарубежная прикладная литература
- Религия и духовность
- Старинная литература
- Справочная литература
- Компьютеры и Интернет
- Блог
Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести - Кубан Чороев
Шрифт:
Интервал:
Закладка:
Кыргызстандагы эң биринчи бийлик бутагы бул – президент эмес, өкмөт эмес, Жогорку Кеңеш эмес, Жогорку Сот эмес, биринчи эң таасирдүү жана эч кимге көз каранды эмес бийлик бутагы бул – Улуттук банк. Ал ар бирибиздин чөнтөгүбүздѳ жаткан сомдун кунун аныктаган бийлик бутагы, бирок анын кунун жоготсо да жоопко тартылбайт. Бирөө миң сомуңуздун жүз сомун уурдап алса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат, туурабы? Улуттук банк сомдун кунун каалагандай калчап, элдин мээнетин жеп жатса да, ал жоопко тартылбайт. Ага андай «укук» мыйзам менен бекитилген. Айтыңызчы, президент же өкмөт башчысы, эч ким менен кеңешпей, сурабай, талкуулабай туруп, 516 млн. долларды бир жылда корото алабы? Ал эми Улуттук банк аны кылат жана эмне үчүн кылганын, кайсы банктарга, кайсы курста, эмне үчүн дал ошол банкка сатканы жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү эмес жана ал үчүн жоопко да тартылбайт.
Араб мамлекеттеринин мисалы Кыргызстанда ишке ашабы?
Бүгүнкү күндѳ кыргыз бийлигинде жана коомчулугунда эки маселе турат. Биринчиси – бул Улуттук банкты жана анын активдерин улутташтыруу, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү. Экинчиден, Улуттук банк кыргыз экономикасынын кызыкчылыгына иштей тургандай акча системасын түзүү.
Биринчи маселени бийлик чечсин, мен экинчи маселени кантип ишке ашырабыз деген суроого сунуштарды берейин.
Бизге жаңы эч нерсенин ойлоп табуунун кажети жок. Өнүккөн Араб өлкөлөрүндө, бул маселени өткөн кылымдын 70-жылдардын башында эле чечип коюшкан. Катар, Араб Эмираты жана Сауд Арабиясында валюталык башкаруу системасы түзүлгөн. Бул өлкөлөр өз акча бирдигин АКШ долларына бир курс менен байлап койгон. Мисалы, Катардын акча бирдиги риал бир долларга 3.64 курс менен, Араб Эмиратынын дирхамы 3.66 жана Сауд Арабия акча бирдиги риал 3.74 курсу менен 1971-жылы түзүлгөн валюталык башкаруу мыйзамдары менен бекитилген. Ошол күндөн ушул күнгө чейин кырк жылдан ашуун убакыт өтсө да алардын валюталарынын курсу долларга карата өзгөрбөй келет.
Биз дагы Улуттук банкты реформалап, айтылган валюталык башкаруу системасын түзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндѳ буга биздин толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Анын кыскача арифметикасы мындайча болуусу керек:
Улуттук банктын бүгүнкү күндө 1 млрд. 970.56 млн. АКШ доллар валюталык резерви бар. Ошол эле убакта, экономикабызда тегеренип жүргөн сомдун массасы 65 млрд. 340.5 млн. сомду түзѳт. Эгерде бул сумманы бүгүнкү доллардын курсу – бир доллар/60 сом деп бөлсөк, 1 млрд. 89 млн. доллар деген сумма чыгат.
Демек, бизге ушул тапта сомду бир доллар 60 сом деген кур менен түбөлүктүү фиксация кылып коюу үчүн 1 млрд. 89 млн. доллар гана жетиштүү. Ал эми резервдеги калган 881 млн. АКШ долларын Улуттук банк биздин коммерциялык банктар аркылуу бүгүнкү убакта насыясы бар жарандарга кредиттерин кайра жаңыртып, пайыздарын төмөн кылып берсе, бүткүл кыргыз элин оор насыяларынан куткарып, Кудайга жагаар иш жасамак эле. Бизде, өзгөчө айыл жерлеринде, кредиттеринен кутула албай, үй-жайынан айрылган атуулдарыбыз аз эмес, кээ бир учурларда оор жагдайга туш келип, өзүн өрттөгөндөрдү да массалык маалымат каражаттарынан угуп, көрүп жатабыз.
Эми мен бул жерде, бул системанын деталдарын жазып жүрбѳйүн, бул жѳнүндѳ Америкадагы эң мыкты делген 10 экономисттин бири Жон Хопкинс университетинин профессору Стив Ханке мырза докторлук диссертация жактап, ондогон том материалдарды жазган. Ал киши убагында Америка президенти Рейгандын экономика боюнча башкы консультанты да болуп иштеген. Эң негизгиси, ал киши Кыргызстанга келип, акылы менен жардам бергенге даяр экенин мага электрондук почта аркылуу жазды.
Эми бул жерде мен бул валюталык башкаруу системасы кандай натыйжаларга алып келерин кыскача атап өтөйүн:
– Кыргызстан ѳз валюталык резервдерин ѳзү башкарып калат жана тышкы башкаруудан толугу менен чыгат;
– Сомдун долларга болгон курсу аталган Араб өлкөлөрдүкүндөй түбөлүктүү болот;
– Кыргызстанда баалардын ѳсүшү жылына 1—3% гана түзүп калат да финансылык стабилдүүлүк орнойт;
– Банктарда насыялар арзандайт жана проценттер төмөндөп, ишкерлерге жана айыл чарбасына жакшы жагдайлар түзүлөт;
– Финансалык туруктуулук өлкөдө экономикалык активдүүлүктү, инвестициялардын келишине жана экономикалык өсүшкө алып келет;
– Сом Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлѳрдүн арасында эң стабилдүү валютага айланып, кадыр-баркы ѳсѳт;
– Кыргыз экономикасы долларлашуу процессинен толугу менен арылат, эл сом менен иштеп, кирешесин сом менен гана сактап калат, анткени анын курсу доллардыкы менен түбѳлүктүү бир курс болуп калат;
– Валюталык башкаруу системасына өткөндѳн кийин «алтын сом» валютасын киргизүү оңой болуп калат, ал үчүн кийин жакшы кырдаал түзүлгөндө, валюталык резервдеги долларды алтынга алмаштырып, сомду алтынга байлап койсо болот.
Сөзүмдүн акырында байыркы кытай акылмандарынын айтканын мисал келтиргим келет: «Дарак тиккенге эң жакшы убакыт жыйырма жыл мурун болчу, ал эми андан кийинки эң жакшы убакыт бүгүн». Эгерде бүгүнкү күнү бийлик башындагылар жакшылап ойлонуп, Улуттук банкты реформалап жана акча реформасын жасабаса, ал эми Улуттук банк азыр элге жасап жаткан кыянаттыгын уланта берсе, Кыргыз мамлекети абдан кооптуу экономикалык депрессияга туш болоору айкын. Карап, байкап кѳргүлөчү, бүгүн банктар ипотека насыяларын токтотуп коюшту, курулуш секторунда каатчылык башталды, ишкерлерг е насыялар кымбаттап кетти, фермерлерге кредиттер кымбат, кийим тигүүчүлѳр рублдин девальвациясынан жабыркады, соода-сатык жана экономикалык активдүүлүүк төмөндөп баратат…
«Акча системабызды Улуттук банкты реформалоо менен гана бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кете алабыз»
Бишкек, 23-ноябрь, 2015 /Дайырбек Мейманов-Кабар/. «Бүгүнкү күндѳ доллардын кымбаттоосу экономикабызда ѳтѳ оор кырдаалды түздү. Ал эми экономикалык кризис ѳлкѳдѳ баардык социалдык ооруларды ырбатып, жумушсуздукту, жакырчылыкты, улуттун саламаттыгынын начарлашын, кылмыштуулуктун, ички жана тышкы миграциянын, каралбаган балдар жана жалгыз калган карылардын кѳбѳйүшүн шарттайт. Мына ушул социалдык дарттардын баардыгы экономикалык системабыздын иштешинен кѳз каранды» -деди «Кабар» агенттигине экономист Кубан Чороев.
Анын айтымында, экономиканын тамырын акча системасы түзѳт. Биз 24 жыл мурун эле ѳзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктарга жооп бербеген акча системасын тандап алганбыз. Биздин ѳнүкпѳй келе жатканыбыздын негизги себеби ушул тандап алган туура эмес акча системасы. «Биз акча системабызды, тагыраак айтканда Улуттук банкыбызды реформалоо менен гана бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кете алабыз, башка жол жок. Ошол себептен, бул маселе мамлекеттик саясаттын номур биринчи маселеси болуш керек. Анткени, акча системасы ѳлкѳбүздѳ жашап жаткан миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун, тагдырын аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет. Тилекке каршы 24 жылдан бери мамлекет тарабынан бул маселе бир дагы жолу кѳтѳрүлгѳн эмес. Биз саясий жана укуктук реформаларга кѳңүл бура берип, акча системаны ойлоп да койгон жокпуз, ошондуктан бүгүн мындай экономикалык тунгуюк абалда отурабыз. Бүгүнкү күнү менимче Улуттук банкты реформалоо, Конституциялык реформадан он эсе маанилүү маселе» -деди ал.
«Кыргызстандагы бүгүнкү валюталык курсубуздун режими Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча „башкарылуучу режим“ болуп эсептелет. Улуттук банк ишендиргендей, бул „эркин сүзүүчү валюталык режимге“ да кирбейт. Мындай валюталык режимдердин 10дой түрү бар, ошолордун бири „валюталык башкаруу“ режими, англисче „currency board“ деп аталат. Биз бүгүнкү күндѳгү экономикалык кризистен чыгып, финансалык системабызды стабилдештирүү үчүн мына ушул „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек. „Валюталык башкаруу“ режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам менен бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон, мисалы импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, мигранттардын акча которуусунан, инвестициялардан, же болбосо кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын теңгесинин девальвациясынан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун сомдун курсу туруктуу тура берет, анткени сомду каалаган убакта мыйзамда бектилген курс менен долларга, же тескерисинче долларды сомго айландыруу процессии мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет» -деп кошумчалады К.. Чороев.
Эскерте кетсек, Улуттук валютабыз сомдун курсун кармап туруу максатында Улуттук банк 12-ноябрда 14,2 миллион долларды сатыкка чыгарганы, буга чейин акыркы жолу 6-ноябрда 21,7 миллион доллар интервенцияланганы, бир жума мурда 69 сомдон сатылып жаткан доллардын курсу ушу тапта 73 сомго жакындап калганы, доллардын кымбаттоосу токтобой жатканы ЖМКларга жарыяланган.

